Кыймылдын лидерлеринин бири Игорь Трофимовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, митинг 10-октябрда АКШ базасынын эшигинин алдында өтөт, ага Кыргызстандагы коммунисттердин эки партиясы, Жашылдар партиясы, “Айкөл Манас жана Сергий Радонежский” фонду жана алардын тарапкерлери катышат. Уруксат берүүнү сурап кыймыл Чүй облустук администрацияга 25-сентябрда кайрылган деп билдирди Трофимов. Митингде Кыргыз бийлигинен базаны жайгаштыруу боюнча макулдашууну жокко чыгаруу талап кылынат. Кыймыл ошондой эле 10-октябрга белгиленип жаткан КМШ мамлекет башчыларынын Бишкек саммитине да кайрылуу жолдогону жатат.
Буга чейин Игорь Трофимовдун базаны чыгарууну өкмөттөн талап кылган арызын райондор аралык сот канагаттандырган эмес. Президент Курманбек Бакиев америкалык базанын өлкөдөн чыгышы Ооганстандагы кырдаалдан көз каранды экендигин буга чейин бир нече ирет билдирген. (BuS)