Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:12

16:43 Чегараны мыйзамсыз кесип өткөн кыргыз жаранга Өзбекстанда кылмыш иши козголду


30-сентябрда Өзбекстандын чек арачылары Аксы районундагы Тоорук айылынын тургуну Данияр Досматов аттуу кыргыз жараны менен өзбекстандык Муктарбек Ысманалиев аттуу жаранды кармап алышкан. Аларга чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген күнөө тагылып, бир нече күндөн кийин Данияр Досматов башка жакка кетпөө талабы менен бошотулган Бирок анын унаасы кайтарылып берилген эмес. Мындай маалымат 7-октябрда райондун акими Аскарбек Алиев менен айыл тургуну Ормон Алимовдон алынды. Акимдин айтымында чек арада кокустуктарды болтурбоо үчүн коңшу мамлекеттин кызматтары менен эки тараптуу сүйлошүүлөрү болду. Өзбекстандын төрт району менен 131 чакырым жерде чектешкен Аксы районунда аныктоону талап кылган 9 жер бар. Облустук бийликтин билдирүүсүнө ылайык чек араны бузуп өткөн деген айып менен өзбекстандык жаран кармалган. Ага да кылмыш иши козголгон.(YA)

XS
SM
MD
LG