Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:20

17:48 Нарын облусунун губернатору Ө. Суваналиев шайлоодо добуш берген жок


Мындай маалымат Нарын шаарындагы №4066 шайлоо участогундагы шайлоо комиссиясынын мүчөсү Асыл Жамановадан алынды. Ал чүчүкулак кармоодон соң тизмеге олтурган. Облус губернатору аталган шайлоо участогунда негизги тизмеде болгон, бирок добуш берүүгө келген эмес. “Анын өз укугу, бирок атуулдук милдетин президент сыяктуу эле аткарса болмок”,- дейт Жаманова. Бул участоктон губернатордон сырткары шаардык соттун судьясы Эрматов, шаардык милициянын башчысы сыяктуу бир катар чиновниктер добуш берүүгө келишкен эмес. Губернатордун басма сөз катчысы Айнура Темирова добуш берүүгө катышуу ар бир адамдын өз эрки деп белгилеп, бирок бул суроо менен губернатордун өзүнө кайрылууну сунуштады. ( KUs)

XS
SM
MD
LG