ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы, элчи Эндрью Тесорьер акчалай жардам Өзгөчө кырдаалдар министрлигине гуманитардык жана калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү үчүн берилет деп билдирди. “Биздин ой-тилегибиздин баары бул трагедиялуу окуяда жапа чеккендер менен бирге болуп жатат. ЕККУ Бишкектеги борбору жана Оштогу жергиликтүү бюросу аркылуу жапа чеккендерге тезинен каржылык жардам көрсөткөн жатат”,-деди элчи Тесорьер. ЕККУ борбору ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен жер титирөөлөргө даярдануу жана анын кесепеттеринин алдын алуу боюнча биргелешкен иштерди мурдагыдай эле жүргүзө бермекчи. (Kch)