Түштүк Осетиядагы орус аскерлеринин кол башчысы генерал Кулакметов аскер чыгаруу эртең башталып, 24 сааттын ичинде аяктаарын маалымдады. Анын айтымында, тилкеде кала берип жаткан алты текшерүү бекети шаршемби күнү эртең менен алынат. Грузия менен түзүлгөн элдешүү келишими боюнча аскер чыгаруу жума күнгө карата бүтүшү керек.