Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:04

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ҮЙЛӨРДҮН 70 ПАЙЫЗЫ ЗИЛЗАЛАГА ТУРУШТУК БЕРЕ АЛБАЙТ


Канымгүл Элкеева, Бишкек 5-октябрдагы зилзаладан Алай районундагы Нура айылы дээрлик толугу менен кыйрады. Ал жердеги имараттардын сейсмикалык талаптарга жооп бербегени ондогон адамдардын өлүмүнө алып келди. Ушундан улам, жалпы Кыргызстандагы турак-жай имараттарынын жер титирөө өңдүү табигый кырсыктарга туруштук берүү мүмкүнчүлүгү учурда маанилүү маселелердин катарында турат. Деги түрдүү табийгый кырсыктарга туруштук бере алган сапаттуу үйлөрдү кандай салуу керек? Курулуш багытында кандай эрежелер бар жана аларды кантип сактоо зарыл? Айрым адистердин сунуштарына кайрылабыз.

Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин жалпы көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси Юрий Гришаев жер титирөө жана башка кырсыктарга туруштук бере алган, сапаттуу үй куруу үчүн, биринчиден, курулуштун эрежелерин сактоосу зарылдыгын белгиледи.

- Сапаттуу үй куруу үчүн биринчиден, курулуштун эрежелерин, кандай материалдар колдонулат, алардын технологиясы жана оңдоп-түзөө иштери менен таанышуу зарыл. Мындай эрежелер 5 миңдеп саналат. Андан сырткары курулуш башталаардан мурда сөзсүз түрдө үйдүн долбоору болушу керек. Мындай долбоорлорду Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин лицензиясын алган тиешелүү уюмдар аткарат.

Юрий Гришаевдин айтымында өз алдынча салган үйлөрдүн жарымынан көбү зилзалага туруштук бере албайт.

- Бүгүнкү күнү өздөрү курган курулуштардын 65-70 пайызы сейсмикалык жактан туруксуз. Муну айрыкча практика көрсөтүүдө. Айыл жергесиндеги тургундар өздөрүнүн продукциясы менен үй салышат. Ошондо деле ылайды иштетүүнүн эрежелерин эске алуу керек. Бул жерде жөн эле алып сууга аралаштырып, саман аралыштырып эле кура берген туура эмес. Ошондуктан ар бир райондо жайгашкан архитектуралык кызматтарга кайрылып, бул багытта сабаттуу маалымат алып алган жакшы.

Курулуш тармагында 30 жылдан ашуун эмгектенип келаткан, тажрыйбалуу курулушчу Марат Абдыкадыров үй курууда ата-бабалардын методун колдонуп, аны өркүндөтүүнү туура көрөт.

- Бул абдан актуалдуу маселе. Үйдү эң биринчиден, долбоордун негизинде курган туура. Ансыз жер титирөө, сел ташкындары болгондо кырсыкка учурашы мүмкүн. Курулушта эски, ата-бабаларыбыз салган методду колдонушубуз керек. Мурда жыгачтын ортосуна сынчтарды колдонуп, табийгый кырсыктарга каршы үйлөрдү салган. Биз ошону өркүндөтүбүүз зарыл.

Марат Абдыкадыров архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин курулуш багытында элге кеңеш берүүсү зарылдыгын белгиледи.

- Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги бүгүнкү шартта, мезгилдин талабына ылайык жакшы иштебей жатат. Биз элге карап, элге кеңеш берүү жактан жардам берүү керек.

Тажрыйбалык методикалык сейсмикалык институттун мурдагы жетекчиси, сейсмология боюнча адис Үмөталы Шүкүров өлкөдөгү жер титирөө боюнча божомолдорго токтолду.

- 5-6 баллдай жер титирөө болушу мүмүн, бирок чоң силкинүү болбойт. Бул жарым жылга чейин уланат. Бирок анын көбүн адамдар байкабайт. Андан сырткары көптөн бери тынч болуп турган өлкөнүн Түндүк тарабынан да чочулайм.

Үмөталы Шүкүров жер титирөөдө көрүлчү алгачкы чаралар, көңүл бурулчу жагдайларды атап өттү. Ошондой эле бул багытта элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

- Зилзаланын белгилерин билип калган учурда кичинекей сумкага документ, баалуу кагаз, акчаларын салып, дагы бир сумкада эки-үч күнгө жете турган тамак-аш даярдап коюуусу керек. Сейсмикалык институту зилзаланын кесепетинен коргонуу чаралары тууралуу китепче да чыгарган болчу, бирок ал тарабай жатат окшойт. Элдин жер титирөөдө кандай чараларды көрүү зарылдыгын айтып, ушул багытта сабатсыздыкты жоюу керек. Бул маселе көңүл борборунда турат, бирок жакшы чечилбей жатат. Эми көңүл бурат го деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG