Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:36

17:45 Айрым коомдук-саясий бирикмелердин шайлоо боюнча билдирүүcүн БШК сынга алды


Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы кээ бир коомдук-саясий бирикмелердин шайлоонун жыйынтыгы тууралуу айткандарын “калп, ойдон чыгарылган”, деп четке какты. Алардын мындай аракеттери өлкө элин, Интернеттин жардамы менен дүйнөлүк коомчулукту “маң кылууда”, деп айыптады. Бул мамлекеттин кадыр-баркын түшүрүп, Кыргызстандагы кырдаалды туруксуздаштырат, деп айтылат билдирүүдө. Жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 61,9 пайызы катышып, шайлоо ачык-айкын өткөнү баса белгиленген. Ошондуктан шайлоону мыйзамсыз деп баалоого такыр негиз жок экени кошумчаланган. Айрым оппозициялык бирикмелердин билдирүүсү “атайлай каралоо” катары сыпатталган. 5-октябрда өткөн шайлоодон кийин бир катар оппозициялык уюмдар, укук коргоочулар жана көз карандысыз байкоочулар добуш берүү олуттуу мыйзам бузуулар менен коштолгонун билдиришип, шайлоону жыйынгыгын тааныбоо тууралуу айтып чыгышкан. Коопсуздук боюнча кеңештин катчысы Исмаил Исаков башында турган бийликчил “Жаңы Кыргызстан” партиясы да мындай пикирге кошулган. (EBM)

XS
SM
MD
LG