Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:49

18:32 Нарын шаардык кеңешинин жаңы шайланган депутаты мандаттан баш тартты


Мындай маалымат Нарын шаардык шайлоо комиссиясынын катчысы Сайна Токтобаевадан бүгүн алынды. Анын айтымында, кечээ Нарын шаарындагы №7 «Университет» шайлоо округунан депутаттыкка шайланган Бакыт Усубалиев башка жакка кетип жаткандыгына байланыштуу арыз менен кайрылган. «Төрага Бишкекке отчетко кеткен, келсе арызды карайбыз» деп кошумчалады катчы Токтобаева. Эске сала кетчү жагдай аталган шайлоо округундагы №4078 Мектеп лицей шайлоо участогунун шайлоо комиссиясынын катчысы 2 талапкерди белгилеп кошуп ийүүгө аракет жасаган 51 бюллетендеги белгиленген бир талапкер ушул Б. Усубалиев болчу деп маалымдашты аталган участокко байкоо салган көз карандысыз байкоочулар. (JI)

XS
SM
MD
LG