Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

08:15 11-октябрда Кыргызстанда Беларус президенти А. Лукашенконун расмий сапары башталат


Президенттин басма-сөз кызматынан кабарлашкандай, эки өлкөнүн башчыларынын сүйлөшүүлөрү учурунда соода-экономикалык кызматташууну өркүндөтүү маселелери талкууланат. Соңунда Кыргызстандын жана Беларустун президенттери биргелешкен Декларацияга кол коюшат. А.Лукашенконун сапарынын алкагында 11-октябрда Кыргызстанда Беларустун маданий күндөрү ачылат. Ал эми эртең Беларус президенти КМШ саммитине катышат. Аталган иш чарага ошондой эле Армениянын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын мамлекет башчылары катышат. Ал эми Азербайжандан расмий топту премьер-министр Артур Раси жетектемекчи. Саммитке ошондой эле Украинанын расмий тобу да катышат.(MSu)

XS
SM
MD
LG