Бул тууралуу Грузиянын ички иштер министрлиги билдирди. Министрликтин маалымат катчысы Шота Утиашвилинин айтымында, алар бардык өткөөл аймактардан чегиништи. Европа Биримдиги менен Москва ортосундагы келишимге ылайык, орус аскерлери жума, 10-октябрга чейин Грузиядан чыгышы керек.