Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:01

Украин президенти өлкө парламентин таратты


Украин парламенти же Жогорку Раданын алтынчы чакырылышы таратылганы тууралуу президент Виктор Ющенко калкка Бишкек убактысы боюнча 24:30га жакын жасаган телекайрылуусунда жарыялады. Мунун алдында ал партия лидерлери менен өкмөт түзүү боюнча макулдашууга жетүү аракетинде жыйын өткөргөн эле. Украинанын өкмөттүк коалициясы өткөн айда бузулган. Анда президент Ющенконун партиясы коалициядан чыгып кеткен. Буга коалиция боюнча өнөктөшү, премьер-министр Юлия Тимошенконун партиясы президенттин ыйгарым укугун чектеген мыйзамды кабыл алуу үчүн парламенттеги орусиячыл оппозиция менен бириккендиги себеп болгон эле. Эми Украинада кезексиз парламенттик шайлоо өтөт.

XS
SM
MD
LG