Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:13

10:55 Б.Наргозуев: “Жаңы Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрүнүн билдирүүсү бийликке сез көрсөтүү


Бул тууралуу парламенттеги “Ак жол” фракциясынан депутат Бегалы Наргозуев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, “Жаңы Кыргызстан” партиясынын лидерлери жогорку кызматта отурган Исмаил Исаков, Үсөн Сыдыков, мурдагы адилет министри Марат Кайыпов аталган партия аркылуу өлкөдөгү абалды, жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгын сынга алган билдирүүсү бул алардын жеке таарынычынан келип чыккан маселе. “Мурда “Ак жол” партиясын колдоп, президент менен бир командада жүрүп, тез эле бийликтин ишине нааразы болуп, жаңы өкмөт курамын түзөбүз деп демилге көтөрүү менен азыркы бийликтен таасирдүү орундарды ээлөөгө болгон сез көрсөтүүсү, ушундай жол менен упай топтоо аракети, деп түшүнсө болот”, -деди Наргозуев. Ал ошондой эле азыркы бийликтин багытына каршы пикирдеги коопсуздук кеңешинин катчысы Исмаил Исаков кызматтан кетиши керек деген көз карашын билдирди. “Жаңы Кыргызстан” партиясы жергиликтүү кеңештерге шайлоону уюштурууну, өкмөттүн саясатын кескин сындаган билдирүүнү 7-октябрда тараткан. Ага мурдагы министр Марат Кайыпов менен кошо Коопсуздук кеңешинин катчысы Исмаил Исаков, президенттин кеңешчиси Үсөн Сыдыков кол коюшкан. (AJ)

XS
SM
MD
LG