Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Эднан Карабаев КМШнын тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынында билдирди. Жыйында КМШнын аткаруучу комитетинин төрагасы Сергей Лебедев шериктеш мамлекеттердин экономика жаатында, анын ичинен энергетика тармагында кызматташууну башкы маселе кылып киргизүүнү Кыргызстан менен Казакстан сунуштап колдоо тапканын белгиледи. “Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмүнүн төмөндүгүнөн улам Кыргызстанда энергетика маселеси орчундуу болууда. Ошондой эле бул маселе КМШ өлкөлөрүндө, Кавказда дагы башкы орунда турат. Учурда бул план каралып, конкреттүү иш кагаздар даярдалууда. ”, - дейт С.Лебедев. Энергетика жаатында кызматташуу сунушун Кыргызстан жана Казакстан киргизип, бул Санкт-Петербургда өткөн КМШнын акыркы расмий эмес жыйынында каралган. (КЕ)