Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:23

15:50 Академик Турар Койчиевдин 70 жылдык мааракесине арналган иш чара өтүүдө


Кыргыз-Түрк университетинде ИУА академиги Турар Койчуевдин 70 жылдык мааракесине арналган Экинчи эл аралык “Өткөөл мезгилдеги экономикалык өнүгүү жана интеграция” аттуу жыйыны өтүүдө. Ага Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана башка өлкөлөрдөн экономика жаатындагы белгилүү окумуштуу илимпоздору катышууда. Бүгүн конгресстин ачылышы академик Турар Койчиевдин 70 жылдык мааракесин куттуктоо аземи менен башталды. Ал эми күндүн экинчи бөлүгүндө конгресстин пленардык жыйыны болуп, анда бүгүнкү экономиканын эң маанилүү маселелери, проблемалары жана аларды чечүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланууда. Бул тууралуу Кыргыз-Түрк университетинин коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмүнөн кабарлашты. (AJ)

XS
SM
MD
LG