Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:47

16:45 Эки өлкө башчыларынын чакан чөйрөдөгү сүйлөшүүсү болду


Жолугушууда президент Курманбек Бакиев Орусия президенти Дмитрий Медведевдин биринчи расмий иш сапары кыргыз-орус байланышына кубаттуу шыктандыруучу күч болорун белгиледи. Бакиев орус президенти Медведевдин расмий иш сапарында кабыл алынуучу документтер мындан аркы кызматташуунун натыйжалуу болушуна өбөлгө түзөөрүнө ишенимин билдирди. Дмитрий Медведев дагы бир жолу көптөгөн адамдардын өмүрүн алып кеткен жаратылыш кырсыгына байланыштуу көңүл айтып, Орусия өкмөтү бардык тараптан көмөк көрсөтөрүн айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты. (AJ)

XS
SM
MD
LG