Мындай пикирин саясат талдоочу Токтогул Какчекеев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Тажикстан, Кыргызстан сыяктуу кичине мамлекеттер үчүн КМШнын мааниси өтө зор. “КМШнын келечеги кең. Орусиянын бүгүн толук күчкө кирип, чоң мамлекет катары калыптанышы Кыргызстан үчүн өтө керек. Ушундай чоң өлкөнүн тегерегине кайра баш кошуу - чоң олжо. КМШда укуктук негиз бар, келишим жолу Түштүк Осетия менен Грузиядан кийин өтө өзгөрүлдү. Ошол себептүү ыкчам түрдө мамлекеттер биригет дагы Евробиримдиктей бир кызыкчылыкка барууга мажбур болобуз”, - дейт Т.Какчекеев. Саясат талдоочунун пикиринде, чоң державалардан Орусияны тандоо менен кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнө жана коопсуздугун сактоого чоң жол ачылат. “Орусия мындай талапты койбогон менен анын көңүлүндө бул нерселер айтылып эле келе жатат”, - дейт ал. (КЕ)