Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:02

18:17 Нарын облусунан 1 миллион 100 миң сом жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берүү үчүн атайын эсепке которулат


Мындай маалыматты Нарын облустук акимчилигинин бөлүм башчысы Жамбы Бейменжанова бүгүн «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында облуста бюджеттен маяна алган кызматкерлердин бир күндүк эмгек акысы 1 миллион 100 миң сомду түзөт жана бул каражат Алай районунда болуп өткөн табыгый кырсыктын кесепеттерин жоюуга карата ачылган атайын эсепке которулат. Ал эми бүгүн болсо Нарын медициналык окуу жайынын окуучулары алайлыктарды колдоо максатында акция өткөрүшүп, натыйжада мугалимдер менен бирдикте алар да атайын эсепке 7775 сомду чегеришти. (KUs)

XS
SM
MD
LG