Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:05

07:10 Бүгүн Бишкекте КМШ мамлекет башчыларынын саммити өтөт


Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевдин төрагалыгы астында өтчү бул жыйында 26 маселе талкууланып, 21 документ каралаары күтүлүүдө. КМШ саммитинин күн тартибинин негизги маселелси катары КМШнын 2020-жылга чейин экономикалык өнүгүү стартегиясынын долбоору талкууланат. Саммиттин жүрүшүндө ошондой эле коопсуздук, транспорт байланышын чыңдоо, чек арадагы кызматташтык, бирдиктүү энергетикалык мейкиндикти түзүү жана Улуу Жеңиштин 65-жылдыгына даярдык көрүү маселелери каралат. Мындан тышкары Беларустун сунушу менен саммитте КМШ мамлкеттеринде 2009-жылды – Жаштардын жылы деп белгилөө маселеси талкууланаары күтүүдө. Буга чейин маалымдалгандай, КМШнын Бишкектеги саммитинде ошондой эле Грузиянын мүчөлүгү жөнүндө маселе каралат.(MSu)

XS
SM
MD
LG