Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:46

08:15 Америкалык базаны Кыргызстандын аймагынан чыгаруу талабы менен бүгүн митинг өтөт


Иш чара америкалык аскерий базанын маңдайында өтүп, анда базаны жайгаштыруу боюнча Кыргызстан менен АКШнын ортосунда түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу талабы коюлат. Митингдин уюштуруучуларынын бири “Сергий Радонежский жана Айкөл Манас” фондусунун президенти Игорь Трофимовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, митингге “Америкалык базаны Кыргызстандан чыгаруу” кыймылы, Кыргызстандагы Коммунисттердин эки партиясы жана "Жашылдар" партиясы катышат. Президент К.Бакиев базанын чыгышы Ооганстандагы кырдаалдан көз каранды экенин билдирип келет.(MSu)

XS
SM
MD
LG