Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:57

10:46 Эсептөө палатасынын аудиторлорунун саны кыскарат


Ага негиз берген “Эсептөө палатасы жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизүү мыйзамын Жогорку Кеңеш бүгүн кабыл алды. Мамлекеттик аудитти, анын артыкчылыктары менен максаттарын жакшыртуу максаты жана эл аралык тажрыйбага ылайык кабыл алынган мыйзам аудиторлордун санын 14төн үчкө кыскартты. Жаңы өзгөртүүгө ылайык Эсептөө палатасы Улуттук банктын өкмөткө кызмат көрсөтүүсү, республикалык казынага түшкөн кирешелерди эсептөөсү боюнча аудит жүргүзүүгө укук алды. Андан тышкары коммерциялык банктардын мамлекеттик жана жергиликтүү бюджет тармагында кызмат көрсөтүүлөрүн да текшере алат.Эсептөө палатасы президент менен Жогорку Кеңешке гана отчет бере турган көз карандысыз текшерүүчү орган. (BD)

XS
SM
MD
LG