Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:08

14:28 “Манас менеджмент” компаниясынын ишин Башкы прокуратура иликтейт


Мындай чечимге Жогорку Кеңеш бүгүн “Манас менеджмент” компаниясын Бишкек эркин экономикалык аймагына кайра киргизүү маселесин териштирген депутаттык комиссиянын маалыматын уккандан кийин келди. Компания 1998-жылы түзүлгөндө акциясынын 51 пайызы Кыргызстанга тиешелүү болуп туруп, эмне үчүн 2006-жылы 31 пайыз акциясын италиялык компанияга берип салган деп суроо салган депутаттар 80 пайыз акциясын чет өлкөлүк атуулдар ээлеп турган “Манас менеджментти” эркин экономикалык аймакка киргизип, салыктан бошотуу мамлекетке каршы жасалган иш болот деп баалашты. Депутат Бегалы Наргозуевдин билдирүүсү боюнча, эгер ЭЭАга киргизбесек, 31 миллион долларлык айыпка жыгылабыз деген компания жетекчилеринин шылтоосу негизсиз жана алар бул боюнча Лондондогу эл аралык соттун чечимин комиссияга көрсөтө алган эмес.(BD)

XS
SM
MD
LG