Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

15:50 Алайдагы жер титирөөдө жетим калды делген жети баланын ата-энелери табылды


Мындай маалыматты «Азаттыкка» медициналык жардамды уюштуруу башкармалыгынын башчысы Динара Зарлыкова билдирди. «Жер титирөөдөн кийин эле жабыркагандар шашылыш, массалык түрдө ооруканага жөнөтүлгөндүктөн, балдардын көбү ата-энелеринен адашып калышыптыр. Жакында эле жетим калды деп эсептелген жети баланын ата энелери балдарын издеп келип, ооруканадан табышты. Азыр дагы атасы же энеси жок балдар бар. Бирок алардын ата-энелери ким экендиги такталууда», - дейт Динара Зарлыкова. Анын айтуусунда, учурда ооруканадан жыйырма окуучу чыгарылып, мектеп-интернаттарга жатып окуу үчүн жөнөтүлдү.(AzK)

XS
SM
MD
LG