Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:53

15:55 “Жаңы Кыргызстандын” жаштары өкмөткө каршы митингдерге катышууга даяр


“Жаңы Кыргызстан” партиясынын жаштар канаты аталган партиянын саясий кеңешинин чечимдерин толугу менен колдой тургандыгын билдирди. Бүгүн тараткан кайрылуусунда энергетикалык жана азык-түлүк каатчылыгы жаштарга өзгөчө таасир берип, ушундан улам мамлекеттин келечегинен үмүтүн үзүп, көңүлү калган жаштар арбып жатканы айтылган. Партиянын өкмөткө койгон талаптары туура делинип, өлкөдөгү кырдаал боюнча өкмөт түздөн-түз жооптуу экенин баса белгиленген. Коопсуздук боюнча кеңештин катчысы Исмаил Исаков башында турган “Жаңы Кыргызстан” партиясы 7-октябрда жыйын куруп, өлкөдөгү саясий кырдаалды, энергетикалык абалды, кымбатчылык көйгөйлөрүн талкуулаган. Соңунда эгерде бийлик абалды оңдобосо өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылып жер-жерлерде нааразылык чараларды өткөрөөрүн жар салган. Бүгүн Исмаил Исаков президентке кызматтан алууну өтүнүп кайрылды.(EBM)

XS
SM
MD
LG