Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:15

11:20 Т.Исмаилова: “Жаңы Кыргызстандын” жетекчилери мыйзам чегиндеги жаңыланууга багыт алышы керек”


“Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун төрайымы “Азаттыкка” мындай пикирин Коопсуздук кеңештин катчысы Исмаил Исаковдун кызматтан кеткендигине байланыштуу билдирди. Анын баамында, Исаков Акаевдин бийлигине каршы чыккан топтун ичинен кийинки бийлик мезгилинде деле өз көз карашынан тайбай, адам укуктарын сактоону алдыңкы планга койгон адам экендигин көрсөттү. Ушундан улам анын коррупция, паракорлукка каршылыгынын далили катары кызматтан кетүүсүн кубаттаса болот. Бирок, мурдагы аракеттери көп карама-каршылыкты жараткан Үсөн Сыдыковдун жетегинде болбой, системаны өзгөртүү аракетин мыйзам чегинде жүргүзүп, эң ириде Конституцияны өзгөртүүгө аракет көрүү зарыл жана Үсөн Сыдыков демилге көтөрүү укугун жаштарга берүүгө мезгил жетти,-дейт Т.Исмаилова. Ал эми Үсөн Сыдыков кечээ ММКларга оппозиция түзүү оюнда жок экендигин билдирген болчу. (BD)

XS
SM
MD
LG