Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев словак Тышкы иштер министри Ольга Алгайерова менен жолугушууда билдирди. К.Ташиевдин айтымында бүгүнкү күнгө зилзалаадан жабыр тарткан нуралыктарда азык-түлүк жетиштүү. Министрдин айтымында алар ун менен эле бир жылга камсыздалышты. Бирок кышка карата аларды отун суу менен камсыздоо үчун азыр финансылык каражаттар жетишсиз болуп турат. Алалы, бул үчун баш-аягы 24 миллион сом зарыл. Ал эми нуралыктарга жардам үчүн ачылган банктык эсепке 10 миллион сом гана түштү.(EK)