Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:10

Ирандык 13 жашар өспүрүм рактан дарылануу үчүн Израилге жеткирилди


Тель-Авивтеги Чайм Шеба медициналык борборунун жетекчиси билдиргенине караганда, өтүшүп кеткен мээ рагынан жабыркаган бала ата-энеси менен Израилге Түркия аркылуу келди. Иранда ага операция жасалып, химио жана радиотерапия алган.
«Ройтерс» Ирандын жарандары Израилге кирүү уруксатын Израилдин Түркиядагы элчилигинен алышкан деп маалымдады. Кас мамиледеги Иран менен Израиль ортосунда дипломатиялык алкалар жок экенин эскерте кетели.

XS
SM
MD
LG