Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

17:12 Жалал-Абат шаар соту «Ата Мекен» партиясынын мүчөсүнүн арызын кароону улантты


Сотто көрсөтмө берген байкоочулар өткөн аптадагы добуш берүү мыйзамбузуулар менен коштолгондугун, кайталап добуш берүү жана түрдүү документтер менен бюллетень берүүлөр болгондугун белгилешти. Алардын мындай көрсөтмөлөрүн шайлоокомиссияларынын өкүлдөрү жокко чыгарышты. Айрым күбөлөрдүн келбей калгандыгына байланыштуу соттук кароо 13-октябрга жылдырылды. Сот иши 10-октябрда “Ата Мекен” партиясынын облустагы төрага орунбасары Кадырбек Жакыповдун арызы боюнча башталган. Жалал-Абат шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер болгон Жакыпов айрым участоктордогу шайлоону жокко чыгаруу талабы менен сотко кайрылган. Анын айтымында № 5- жана №16 мектептердеги шайлоокомиссиялары мыйзамсыз куралган. Кечээки сотто аталган тартип бузуулар аныкталган. (YA)

XS
SM
MD
LG