Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:13

17:15 Жалал-Абатта шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси талкууланды


Облустагы жарандык коомду колдоо борбору уюштурган талкууга саясий партиялар менен бейөкмөт уюмдардын жана шайлоокомдордун өкүлдөрү катышты. Анда 5-октябрдагы шайлоодо орун алган кемчиликтер сынга алынды. Талкууда айтылгандай, шайлоокомиссиялары үстүртөн түзүлгөн, тизмелерде алешемдиктер көп болду. Шайлоочуларга чакыруу кагаздары толук жетпей, паспортсуз жарандарга бөлөк документтер менен добуш берүү укугу чектелди. Шайлоочулардын тизмесин шайлоокомдор, шайлоокомдорду депутаттыкка талапкерлер түзүүсү, шайлоону уюштургандар менен катышкандардын жоопкерчилигин жогорулатуу, шайлоо корун ачууга убакыт чектебөө, үгүт өнөктүгүн жүргүзүүгө бардык маалымат каражаттарын катыштыруу, добуш берүүнү көрмө тасма аркылуу көзөмөлдөө тууралуу сунуштар түштү. (YA)

XS
SM
MD
LG