Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:03

17:19 Оштогу «Ак-Мөөр» жатаканасынын 378 жашоочусу башпаанексиз калды


Оштогу «Текстилчи» мамлекеттик акционердик коомуна караштуу «Ак-Мөөр» жатаканасынын жашоочулары «Азаттыкка» маалымдашынча, 83 үй-бүлө, тагыраагы 378 адам алды – кырк, арты – жыйырма жылдан бери аталган жайды байырлап келишет. Өкмөттүк программага киргизилип, бөлмөлөр анын ээлерине – көп жыл бою текстиль комбинатында иштегендерге гана менчиктештирилсин деген мүлк фондусунун чечимине карабастан, ишкана жетекчилиги 2008-жылдын 19-мартында «Ак-Мөөрдү» менчикке сатып жиберген. Бул туурасында тургундар билишпегендиктен, учурда жаңы кожоюн 378 жашоочуну күчтөп көчүрүүнү баштады. Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси Замирбек Сасыкбаев «Ак-Мөөр» жатаканасынын жашоочуларынын арызынын негизинде комиссия уюшулуп, иштеп жаткандыгын, маселе калаа парламентинин чукул сессиясына коюлаарын маалымдады. (ATo)

XS
SM
MD
LG