Бул тууралуу “Азаттыкка” кыймылдын координатору Аликбек Жекшенкулов билдирди. Саясатчынын айтымында, конепцияны талкуулоодо айрым маселелер боюнча кызуу талкуу жүрдү. Маселен, дейт А.Жекшенкулов, кыймылдын мүчөлөрү өлкөдө парламенттик башкарууну колдошууда. Аталган концепцияда президенттин, парламенттин,өкмөттүн, БШКнын укуктары белгиленген. А. Жекшенкуловдун белгилешинче, учурда оппозициялык күчтөрдүн биригүү процесси жүрүп жатат. “Ак Шумкар”, “Асаба”, “Ревком”, “Таза коом”, “Улуу биримдик” партиялар менен биригүү тууралуу сүйлөшүүлөр болуп жатат. Эгерде “Жаңы Кыргызстан” партиясы чындыгында эле системаны өзгөртөбүз деп максат коюп жатса, анда алар менен да сүйлөшүү мүмкүндүгүн четке какпайбыз”, дейт А.Жекшенкулов. Коомдук парлементтин жана “Акыйкат үчүн” кыймылынынын эмки аптанын башында өтө турган отурумунда ошондой эле Элдик курултайдын так датасы чечилет. Ноябрьдын орто ченине пландаштырылып жаткан бул иш-чарада өлкөдөгү саясый-экономикалык абалга баа берилет.(MSu)
14:25 Кыргызстандын жаңы өнүгүү концепциясынын долбоорун “Акыйкат үчүн” кыймылы эмки аптада бекитет