Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Россия тынчтык келишимин аткарбай жатат деген Франциянын дооматын четке какты


Жума күнү француз тышкы иштер министри Бернар Кушнер орус аскерлери талаштуу Ахалгори чөлкөмүнөн да чегинүүгө тийиш деген Грузиянын дооматына оң караарын айткан эле. Бирок Лавров Германиядагы сапары учурунда белгилегендей, Ахалгори Түштүк Осетиянын аймагында жайгашкан, андыктан аскерлерди ал жактан чыгаруу шарт эмес.
Орус министри ошондой эле грузин жаңжалын жөнгө салуу боюнча Женевада өтүүчү эларалык жыйынга Абхазия жана Түштүк Осетиянын өкүлдөрү катышууга тийиш деди.

XS
SM
MD
LG