Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:24

Бүгүн Эларалык космос станциясына “Союз” кемеси учурулду


Байконурдан старт алган экспедициянын курамында кезектеги космос туристи бар. 47 жаштагы америкалык ишкер Ричард Гарриот саякаты үчүн 30 миллион доллардан ашуун акча төлөгөн. Ал - америкалык астронавт Оуэн Гарриоттун баласы.
Гарриот жерге бир нече күндөн кийин, 24-октябрда кайтып келмекчи. Аны менен кошо учкан россиялык космонавт Юрий Лончаков жана америкалык Майк Финке болсо Эларалык станцияда узак мөөнөткө калышат.“Союз” кемеси станцияга шейшембиде туташтырылат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG