Анда БУУнун качкындардын иши боюнча Жогорку комиссариаты менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу долбоору каралмакчы. Комитет мүчөлөрү буга байланыштуу тышкы иштер министри Эднан Карабаевдин докладын угушат. Мындан тышкары аталган комитетте бүгүн пенсия, социалдык фонд жана парламенттин бейөкмөт уюмдар менен иш алып баруусу тууралуу маселелер каралмакчы, деп билдирет ЖК маалымат кызматы.(ZKo)
7:15 ЖК миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттыкты сактоо комитети качкындар тууралуу макулдашуу долбоорун карайт