Люксембургда өтчү бүгүнкү чогулушунда Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Орусиянын Грузиядагы өткөөл тилкелерден аскерлерин чыгарып кеткенине байланыштуу - Биримдиктин расмий Москва менен жаңы алакаларды түзүү керекпи же жокпу деген суроону карашат. Ошондой эле Биримдиктин тышкы иштер министрлери Беларустун тышкы иштер министри Сергей Мартыновду кабыл алаары күтүлүүдө. Жолугушууда Евробиримдиктин Беларуска коюлган санкцияларын жеңилдетүү боюнча маселе да каралмакчы.
Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Беларус жана Орусия менен мамиленин келечегин талкуулашат