Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:53

10:36 Зилзаладан жабыркагандарга тез курулуучу 15 үй жеткирилди


Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министри Кfмчыбек Ташиев билдирди. Министрдин айтымында, апта аягына чейин Нура айылына жалпысынан 30га жакын мобилдүү үй тургузулат. Ал эми эми эмки жуманын аягына чейин бардыгы болуп 60ка жакын үй тургузулат. К.Ташиевдин айтымында, учурда Нуралыктар дары-дармек, тамак-аш менен толук камсыз. “Бирок суук түшкөнү элди бут кийим менен камсыз кылуу маселеси курч туруп жатат”, дейт К.Ташиев. Нура айылында кечээ кар түшкөндүгүнө байланыштуу ар бир чатырга бирден меш берилип, Бишкектен 200гө жакын шырытма тон жеткирилди.(MSu)

XS
SM
MD
LG