Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:14

12:30 Скотт Кирен: Эл аралык байкоочулар БШК каалабагандыктан каттоодон өтпөй калды


Кыргызстандагы АКШнын Улуттук демократия институтунун (NDI) жетекчиси Скотт Кирен мындай пикирин шайлоонун жыйынтыгына арналган бүгүнкү жаштардын талкуусунда билдирди. Анын айтымында жергиликтүү кеңешке шайлоого бир нече жума калганда эле алар катталуу үчүн эмне керек, деген маалыматты алууга аракет кылышкан, бирок майнап чыккан эмес. Ушундан улам парламенттик шайлоого байкоочулук кылуу боюнча жөнөтүлгөн документтерди кайра жөнөтүшкөн. Акырында аталган институт эле эмес, дээрлик баардык эл аралык уюмдар, анын ичинде АКШнын Кыргызстандагы элчилиги да каттоодон өтпөй калган. Скотт Кирен мунун башкы себеби катары Борбордук шайлоо комиссиясынын каалабагандыгы менен түшүндүрдү. БШК болсо эл аралык байкоочулар убагында документтерин тапшырбай, каттоодон өтпөй калды деп маалымдаган. (EBM)

XS
SM
MD
LG