Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:16

12:45 “KG жаштары”: Шайлоо өнөктүгүнүн ачык-айкын өтүшүнө арткан үмүт акталган жок


Жаштардын аталган саясий-коомдук клубу бүгүн экинчи ирээт жыйынга чогулуп, 5-октябрдагы жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоонун жыйынтыгын талкуулашты. Анда добуш берүүдө эпсиз мыйзам бузуулардын болгону бир ооздон белгиленип, өлкөдө демократия, мыйзамдуулук, атуулдардын тең укугу тууралуу сөз кылууга эртелик кылат деп белгилешти. Бул шайлоого жаштар жоон тобу менен аттанышканын, аларды шайлоочулардын көбү түшүнүү менен кабыл алып, чоң колдоо көрсөтүшкөнүн билдиришти. Жаш талапкерлердин дээрлик көбү өтпөй калса да, бул алар үчүн бул чоң сабак жана тажрыйба болуп калгандыгын айтышты. Мындан ары мыйзамсыз шайлоолорду болтурбоо үчүн биргелешип иш-чараларды көрүшөөрүн ырасташты. "KG жаштары" коомдук-саясий клубу жакында эле түзүлгөн жана анын курамында тогуз партиянын жана бир нече жаштар бирикмелеринин, кыймылдарынын өкүлдөрү бар. (EBM)

XS
SM
MD
LG