Мындай пикирин “Ак Шумкар” партиясынын лидери, Коомдук парламенттин мүчөсү Темир Сариев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Саясатчынын пикиринде, БШКнын экс-төрайымы Клара Кабилова менен Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Исмаил Исаковдун кызматтан кетишинде байланыш болушу мүмкүн. Ошондой эле Т. Сариев БШКнын экс-төрайымы К.Кабилова жакынкы арада дагы бир билдирүү жасашы мүкүндүгүн жана “Жаңы Кыргызстан” партиясынын жакында өткөн жыйынында кайсы бир министрликтин жетекчилери катышканын, алар да жакынкы арада кызматтан кетиши күтүлүп жаткандыгын айтты.“ Ушундай жагадайда президент элге чыгып, кетирген кемчиликтерин моюнга алып, катачылыктарын оңдоонун планын айтышы керек. Болбосо абал оорлоп кетет”, дейт Т.Сариев.(MSu)