Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:03

17:10 Парламент депутаты Р.Шабатоевдин жоголушуна тиешеси бар шектүү адам кармалды


Бул тууралуу “Азаттыкка” ИИМдин басма-сөз катчысы Бакыт Сейитов билдирди. Анын айтымында, бүгүн-эртең да депутаттын уурдалышына тиешеси бар деп шектелген эки-үч адам кармалышы мүмкүн. “Азыр тергөөнүн алкагында шектүү адамдардын чындыгында эле бул кылмышка тиешеси бар-жоктугун аныктап жатабыз, ошондуктан кармалган адамдын аты-жөнү азырынча ачыкталбайт”, дейт Б.Сейитов. Буга чейин маалымдалгандай, ЖК депутаты Руслан Шабатоев 30-сентябрда үйөн чыгып кеткен. Депутатты акыркы жолу “Майкл” кафесинде көрүшкөн. Ал жерден Р. Шабатоевди бирөөлөр чыкырып кетишип, ал кайра кайтып келген эмес.(MSu)

XS
SM
MD
LG