Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:23

17:32 Жалал-Абатта «Жаңы Кыргызстан» партиясынын билдирүүсү сынга алынды


Аталган партия менен оппозицияга нааразы болгон маалымат жыйындары бүгүн үч жерде өттү. “Доор” (Давр) аттуу өзбек жамааты партиянын түзүүчүсү Үсөн Сыдыковду оппозицияга өттү деп эсептеп, ага 90-жылдагы кыргыз-өзбек маселесин чечпегени үчүн Өзгөн каргашасына себепкер болгон деген мүнөздөмө берди. Жамааттын өкүлдөрү Алайдагы зилзалада нечен адам курман болгондо «өлкөнү өнүктүрүү программасы жок оппозиция саясий оюндарды уюштурууда» деп белгилешти. “Жалалабатэлектро” ишканасы партиянын энергетика кризисин сынга алганына каршы чыкты. Облустагы бир нече жаштар уюмдары улууларды коомду бөлүп-жарбоого чакырды. Коомчулуктун өкүлдөрүнүн пикиринде, кайсы бир күчтөр өзбек жамаатын мажбурлап пайдаланганы билинип калды жана «Жаңы Кыргызстан» партиясынын Ош окуясына тиешеси жок. (YA)

XS
SM
MD
LG