Кечээги парламенттик шайлоонун натыйжасында саясий партиялардын бири да добуштардын басымдуу бөлүгүн алуу менен жеңишке жетишкен жок. Шайлоонун дээрлик толук жыйнтыгына караганда, оппозициядагы "Атамекен биримдиги" партиясы 18% добуш менен алдыда, экинчи орунда 15% менен "Элдик кайра жаралуу", үчүнчүдө13% добуш менен мурдагы президент Роландас Паксастын "Адилетүүлүк жана тартип" партиясы бара жатат. Ал эми бийликтеги Социал-демократтар 12% менен төртүнүчү орунда. Литванын парламенттик жаңы коалициясынын курамы шайлоонун 26-октябрга белгиленген экинчи айлампасынан кийин гана белгилүү болчудай. Анткени Литва парламентиндеги 141 депутаттын жарымы бир мандаттуу округдар аркылуу шайланат.