Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:12

Пакистанда талибанчыл деп шектелген ондогон согушкерлер жок кылынды


Пакистандын коопсуздук күчтөрүнүн билдиргенине караганда, аба соккусу Ооганстан менен чектеш, уруулар жашаган эки аймакта жасалган. Маселен уруулардын Оракзай деп аталган аймагында, кеминде 27 козголоңчу, анын ичинде "маанилүү" колбашчылар да жок кылынды. Өлтүрүлгөндөр арасында, Пакистандын кооопсуздук күчтөрүнүн ырастоосунда, жанкечти болууну көздөгөндөр да бар. Аба соккусу жанкечтинин Оракзай чөлкөмүндө, өткөн жума күнкү жардыруусунан кийин болду. Андан, кабараларга караганда, Талибанга каршы турат деп эсептелген уруу адамдарынын ондогондору каза тапкан. Пакистан расмий өкүлдөрүнүн айтымында, коопсуздук күчтөрүнүн уруулар жашаган Бажур аймагындагы операциясы учурунда да бир нече согушкер жок кылынды.

XS
SM
MD
LG