Академия Венанын чет жакасында 2009-жылдын күз айларында иштей баштамакчы. Анда дүйнөнүн булуң бурчунан өкмөттүн жана полициянын жогорку даражалуу өкүлдөрү билим алат. Окуу учурунда алар коррупция менен күрөшүү боюнча иш-чараларды теория жана практика жүзүндө үйрөнөрү кабарланууда. Статистикага ылайык, коррупция дүйнөлүк экономикага жыл сайын болжол менен триллион доллар чыгым алып келет.
Интерпол жана Бириккен Улуттар Уюмунун кылмыштарды иликтөө бөлүмү коррупция менен күрөшүү боюнча атайын академия негиздеди