Митингдин катышуучулары Черногория өкмөтүнүн ушул жылдын февраль айында Сербиядан бөлүнгөн Косовонун эгемендүүлүгүн таанышына каршы нааразычылыктарын билдирип чыгышкан. Нааразылык акциясына он миңден ашуун адам чыгып, митингди таратуу үчүн полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Маалыматтарга караганда, кагылышуулардан 11 демонстрант жана 23 полициячы жаракат алган, дагы 28 адам камакка алынды. Черногория Косовонун эгемендүүлүгүн өткөн жума күнү тааныган.