Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:21

Беларуска салынган санкциялар убактылуу алына баштады


Евробиримдик беларус президенти Александр Лукашенко жана бир катар аткаминерлердин Европа өлкөлөрүнө каттоосу үчүн салынган тыйууну убактылуу токтотту. Мындай чечим Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин Люксембургдагы жыйынында кабыл алынды. Чечим алты айга чейин күчүндө болмокчу. Анткен менен 1999-2000-жылдары демократияны колдогон активисттердин жоголушуна тийешеси бар деп шектелген беларус режиминин өкүлдөрү менен өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы мурдагыдай эле Евробиримдиктин өлкөлөрүнө кире албайт.

XS
SM
MD
LG