Малайзиянын толук ыйгарым укуктуу элчиси Абдул Азиз Бин Харундун Эднан Карабаевге ишеним грамотасын тапшыруу учурунда кыргыз-малайзиялык эки тараптуу кызматташуу маселелери да талкууланган. Кыргызстан менен Малайзиянын БУУ жана Ислам конференциясы уюмунун алкагында кызматташуулары өнүгүп жатышына канааттануу билдирилген. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.(AiT)