Бүгүн Социал демократтар партиясынын саясий кеңеши билдирүү таратты. Анда өлкө системалык кризиске белчесинен батканы, өкмөт экономикалык-социалдык азыркы кырдаалды жөнгө салууга чамасы жетпей калганы айтылат. Билдирүүдө жергиликтүү кеңешке өткөн шайлоолор сынга алынып, БШК мурдагыдай эле өзүнүн ыплас бурмалоолорун улантып жатканы белгиленет. Ошондой эле анда КМШ саммити маалында Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматынан чегингени К.Бакиевдин жакын саналаштары да ага артын буруп жатканынан кабар берээри жазылган. Билдирүүнүн этегинде СДПК Өкмөт үйүнөн тезинен Конституциялык реформа жүргүзүүнү, президенттин ыйгарым укутарын чектеп, парламенттин жана жергиликтүү кеңештин ролун көтөрүүнү талап кылат. (EK)