Бүгүн Иса машаякчылар президент К. Бакиев, парламент төрагасы А. Тагаев жана парламентке кайрылуу катын жолдошту. Анда Дин тууралуу жаңы мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу талабы коюлган. Кайрылууда: “Долбоордо Баш мыйзамга жана адам укугу боюнча эл аралык укуктук документтерге каршы келген беренелер бар.” – деп жазылат. Иса машаякчылардын пикиринде мыйзам долбоорунда экстремизм менен күрөшүү, конфессия аралык мамилелерди жөнгө салуу жакшы каралган. Бирок мыйзам кабыл алынган соң аны ишке киргизүү механизмдери жакшы анализденген эмес. “Бул – эң маанилүү жагы. Анткени бул мыйзам кабыл алынса өлкөдөгү диний кырдаал олуттуу өзгөрөт.” – дешет Иса машаякчылар. Каттын соңунда, мыйзам долбоору кайра иштелип чыккандан кийин , аны талкуулоо боюнча ачык парламенттик угуу өткөрүлүшүн, ага ар кыл диний агымдардан өкүлдөр катышуу мүмкүнчүлүгү суралган. Жогорку Кеңеш Дин боюнча жаңы мыйзам долбоорун келээрки жумада карайт. (EK)