Бул максатта “Медиа өкүлчүлүк” “Телекөрсөтүү жана радио уктуруу боюнча” мыйзамга өзгөртүү жана кошумча киргизүүнү сунуштоодо. Ал сунушта Кыргызстандагы телекомпаниялардын программасынын 50-60% мамлекеттик тилде болуш керек деген мыйзам талабын этап-этабы менен үч жылда турмушка ашыруу, берилген жыштыктарды соттун чечими менен гана кайтарып алуу жана УТРКнын байкоочулар кеңешин түзүүнүн шартын өзгөртүү каралган. Президенттин жардыгы менен белгиленген тартипке ылайык, УТРКнын 15 кишиден турган Байкоочулар кеңеши президент тарабынан аныкталат. Ал эми “Медиа өкүлчүлүк” Байкоочулар кеңешине 30 талапкер президент тарабынан сунушталып, алардын ичинен 15ин парламент рейтинг аркылуу тандап алыш керек деген жобону сунуштап жатат.(AiT)
14:18 “Медиа өкүлчүлүк” “Телекөрсөтүү жана радио уктуруу боюнча” мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө аракеттенүүдө