Окуя болгон жерден “Азаттыктын” кабарчысынын маалымдоосуна караганда, кырсык болгон жерде адамдар чогулуп турушат, ал эми тез жардам жабыркагандарды алып кетти. Бишкектеги №4 травматология жана ортопедия ооруканасынын башкы дарыгери Рамис Усөнбековдун “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, жетөө №4 ооруканага түштү. Алардын экөөсүнүн абалы өтө оор абалда реанимация бөлүмүндө. Үч киши жардам алып үйгө чыгарылды. Дагы бир киши ооруканага жаткырылды. Жалпысынан кичи автобуста 11 киши болгону кабарланууда.(AiT)